Сауд Арабия Падышалыгынын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Зор кубаныч менен Нооруз майрамына карата Улуу урматтуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоо сөздөрүн жолдойбуз, чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайбыз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Сауд Арабиянын Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да куттуктоо жолдоду.