Жаңылыктар
Нооруз – жаңылануунун башаты
Кыргызстан жаңылыктары
Нооруз – жаңылануунун башаты

Бүгүн, 21-мартта Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык салтанат М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын кыргыз элинин тарыхын жана Нооруз майрамынын маани маңызын чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүүсү менен башталып, арча түтөтүлүп Умай эне аластап, Баба дыйкан үрөн сээп токчулук, молчулук, элдин ынтымагы, биримдиги, кампа толо дан, короо толо мал, малчыларга төл, дыйкандарга мол түшүм тилек кылынып, сүмөлөк таратылды.

Нооруз салтанатына арналган иш-чарага дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров, калаа башчы Канболот Тутуев, Нарын районунун акими жана калаа тургундары  катышып, маданият өнөрпоздорунун оюн-зоок  программасына күбө болушту.

Салтанатта дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров жалпы теңиртоолуктарды жаз менен кошо келген Нооруз майрамы менен куттуктап, ушул жылы ишке аша турган ири инвестициялык долбоорлорго токтолуп, алардын ишке ашуусуна аракеттер күч экенин белгиледи.

“Нооруз-жаңы күн жанданууну башаты. Бул майрам миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси терең майрам. Табият ойгонгон бул күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы аруу тилектер, жакшы ниеттер кошо ойгонот.

Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз жер жарылып чөп чыккан, күн менен түн теңелген ушул куңдү жаңылануунун майрамы катары белгилеп келишкен. Биз дагы бул жолду улап көктөм башаты саналган майрамда жакшы тилектерди тилеп, бири-бирибизге жаркын маанай тартуулайлы.

Жаздын келиши менен  жерде тоң кетип жаратылыш жанданып, мал тоюнуп, эл жаздын камылгасын көрө баштайт. Андыктан жапа тырмак айлана-чөйөнү тазалап, тазалыкты камсыздоо менен бирге  жазгы талаа иштерине камылга көрүшүбүз зарыл. Ошондой эле бул жылы облуста ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алдында турабыз. Биринчи жолу автоунаа куроочу завод, 9 кабаттуу турак-жай комплексинин курулушу башталды. Айыл чарба өнөр жай  тармагындагы ишканалар, ирригациялык курулмалар,  чакан  ГЭСтер жана бир нече социалдык инфратүзүмдүк обьектилер пайдаланууга берилет. Нарын шаарынын борбордук жана ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, калаанын инфратүзүмүн жакшуртуу багытындагы долбоорлор ишке ашырылат.

Андыктан Нооруздун келиши менен облусубузду өнүктүрүү үчүн алдыга койгон асыл максаттарыбыздын , иш пландарыбыздын  жүзөгө ашуусуна тилек кылалы. Жылыбыз ырыс, ынтымактын, молчулуктун, токчулуктун жылы болсун, баарыңыздарга  бардар турмуш, бакубат жошоо каалайм!”,-деди А. Сапаров.