Жаңылыктар
Эдил Байсалов элдик революцияларга арналган илимий-практикалык конференцияга катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов элдик революцияларга арналган илимий-практикалык конференцияга катышты

24-мартта Бишкек шаарында 2005-жылдагы Март революциясынын 20 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына арналган “Элдик революциялардын максаттары жана сабактары” деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө элдик ыңкылаптар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу процессин улантууда чечүүчү роль ойноп, улуттун жетилишинин жана нукура демократиянын орношунун этаптары болгонун баса белгиледи. Анын айтымында, дал ошол каргашалуу күндөрдө элдин чечкиндүүлүгүнүн аркасында эркин коом жана жоопкерчиликтүү бийлик куруунун пайдубалы түптөлгөн.

«2005 жана 2010-жылдардагы революциялар мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүүсүнүн этаптары болуп, элдин адилет жана ачык башкарууга болгон эркин билдирген. Бүгүн биз Кыргызстанда демократиялык жол менен шайланган, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеген жетекчилиги бар деп ишенимдүү айта алабыз, деп белгилеген Эдил Байсалов: «Биз жашоо деңгээлинин туруктуу жогорулашына жетиштик жана биздин алдыбызда өлкөнүн социалдык-экономикалык тез өнүгүүсү үчүн жаңы горизонттор ачылууда»-деди.

Ал мамлекет мыйзамдуулукту бекемдөө, жарандардын укуктарын коргоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу саясатын мындан аркы өсүү жана жаңылануунун пайдубалы катары улантып жатканын, баса белгиледи.

Жыйынтыгында Эдил Байсалов конференция тарыхый сабактарды түшүнүү, басып өткөн жолду талдоо, Кыргызстандын туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө салым кошо турган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калаарына ишенимин билдирди.

Конференцияга алдыңкы эксперттер, илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чогулуп, революциялык окуялардын өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулап, келечекке багыттарды белгилешти.