Жаңылыктар
Ала-Букада коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы менен жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Букада коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы менен жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Жергиликтүү тургундардан мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу көптөгөн даттануулар түшкөндөн кийин Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б. кармалганын бүгүн УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж. менен тил табышып, 2023-2024-жылдар аралыгында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү убада кылып, жергиликтүү тургундардан 100дөн 300 миң сомго чейинки акча каражатын алганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Б. жайгашкан жерин көрсөтпөстөн жеке турак-жай куруу үчүн аларга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча 136 жасалма буйрук чыгарган. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала 10 млн.сомду түзгөн.

Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б. бизнестеги 20% үлүш үчүн жогоруда аталган депутат С.Ж.га ресторан куруу үчүн 1 га жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

Учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткандардын бардыгын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.