Жаңылыктар
Баткен облусунда жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүүдө

Аликул Караев быйыл мамлекеттен ижарага алган 30 гектар жер аянтына арпа себүүнү пландап жатат. Учурда үрөндү 10 гектарына сээп жетишти. Дыйкан мындан сырткары Кара-Булак айылындагы 10 дыйкандын башын бириктирип, үлүш жерлерине дагы 17 гектар арпа өстүрөт. Аларды мамлекет сапаттуу үрөн жана арзан күйүүчү май менен камсыздап жатканын айтат.

“Үрөндү 2023-жылдан бери айыл чарба министри алып келип, каржылап жатат. 1,2 репродукция деп жаңы сортторго өтүп атабыз. Эл дагы жаңы үрөнгө үйрөнгөн эски арпа, буудайларды сеппей койду. Азыр арпанын байчачекей, гетман, гестан сортторун сээп жатабыз. Бул сорт биздин кайрак жерлерге ылайыктуу. Түшүмдүүлүк аба-ырайыга байланыштуу болот. Жамгыр көп жааса түшүмдү көп алабыз”-деди ал.

Лейлектин Тогуз-Булак айыл аймагында 5781 гектар айдоо аянты бар. Аймакта дыйкандардын жерин айдап, үрөнүн сээп берүү үчүн Абдирашит Халботоев былтыр кооператив түзгөн.

Учурда 4 техникасы менен тыным албай иштеп жатат. Алар Лейлек, Баткен райондоруна чейин барып, дыйкандын жерин айдап келет.

Лейлек районунда 33199 гектар айдоо жери бар. Анын 9204 гектары сугат, 23995 гектары кайрак жер. Былтыр 19177 га кылкандуу дан эгиндери эгилсе, быйыл 19 361 гектарга жеткирүү пландалган. Учурда район аймагында жазгы айдап себүү иштери кызуу жүрүп жатат.

Жазгы айдап себүү облустун башка район-шаарларында да жапырт башталды. Ушул тапта 1600 гектар буудай, 3000 гектар жерге арпа үрөндөрү себилди. Баткен облусунда жалпы 73 000 айдоо аянты бар. 36 миң гектары суулуу, 37 мин гектар жер кайрак тилке.