Жаңылыктар
Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу ачылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башы – Кында – Торугарт жолу ачылууда

Ат-Башы районунун Ак-Сай, Арпа өрөөнүнө баруучу Кында ашуусун ачуу иштери жүрүүдө.

Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак, Ат-Башы – Кында – Торугарт жолунун  33-чакырымынан баштап 100-чакырымына чейинки аралыгы кар күрткүдөн жана кар көчкүдөн тазаланууда. Учурда №20-Жол тейлөө мекемеси атайын техникалар менен жолдун 66-чакырымында иш алып барууда.

Ошондой эле Нарын районунун Нарын - Орук-Там жолунун 50-75-чакырымындагы жана 51-61-чакырым аралыгындагы Капчыгай участкасында миң метр кубдан ашык түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам ачылды. Бирок 51-61-чакырымы аба ырайы турукташканга чейин күндүзгү убакта, саат 11:00дөн 17:00гө чейин каттамга чектөө киргизилди.

Аталган жолдор өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ушул жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылган болчу.