Уурдоо, каракчылык, опузалап талап кылуу жана башка бир катар оор кылмыштарды жасоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Иисус" деген ат менен белгилүү, бир нече жолу соттолгон, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган М.Б.М. аттуу жаран жана К.У., М.С.М. кармалды.
Тактап айтканда, аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапкерлери материалдык пайда табуу максатында узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди куугунтуктап, физикалык зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, опузалоо менен алектенишкен. Жалпысынан коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу менен аффилирленген жактарга наркы 170 миң АКШ доллары болгон мүлктү тариздеген.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деп айыпталууда.
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.