Жаңылыктар
Быйыл 28 тонна алтын казып алуу пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл 28 тонна алтын казып алуу пландалууда

Өткөн 2024-жылы өлкөдө 26 тоннадан ашык алтын казылып алынса, быйыл 28 тонна алтын казып алуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы тоо-кен ишканаларынан мамлекеттик бюджетке 41миллиард  сомдон ашык каражат түшүп,  2023-жылга салыштырмалуу 15 миллиард сомго көп болгон.

2024-жылдын жыйынтыгы менен  кен байлыктарды казууга 1719 лицензия , андан сырткары чалгындоо жана изилдөө иштерине 378 лицензия берилген. Өлкөдө алтын, күмүш, жезди казып алуу үчүн лицензия мамлекеттик ишканаларга гана берилип жатканын Руслан Калилов кошумчалады.