Жаңылыктар
Нарын шаарында жашылдандыруу иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарында жашылдандыруу иштери башталды

Нарын шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштары башталды. Иш-чара "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында жүрүп, ар кандай бак-дарактын 2 миң көчөтү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы токой чарбадан МSDSPKG коомдук уюму тарабынан алып келинген.

26-мартта бул көчөттөрдүн 400дөн ашыгы “Жээк” аллеясына отургузулду. МSDSPKG коомдук уюмунун Нарын кеңсесинин директору Жылдыз Сулейманованын айтуусунда, бүгүнкү көрктөндүрүү иш-чарасы  Ага Хан фондунун "Жашылдандыруу жана токойлорду кеңейтүү" долбоорунун  алкагында ишке ашты.

Долбоордун максаты - климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык проблеммаларды  чечүү жана жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу. Бул долбоордун алкагында өткөн жылы Нарын шаарына 5 миң көчөт тигилген.

Ал эми калаа башчысы Канболот Тутуев быйыл дагы 10 миндей ак кайыңдын көчөттөрүн тигүү мерчемделип жатканын билдирди: “Өткөн жылы  калаадагы картайган, өсүүсү токтогон бак-дарактар кыйылган. Алардын ордуна  ак кайыңдын көчөттөрүн тигүүнү пландап жатабыз. Жергиликтүү бюджеттен дагы көчөттөдү алабыз. Ал эми  В.Ленин, Ж.Шералиев көчөлөрүнүн курулушу күз айлары менен бүтүп  калса, жазды күтпөй эле жол боюна жалаң ак кайыңдын көчөттөүн отургузалы деп жатабыз”, - деди калаа башчы.

Нарын шаарына өткөн жылы дагы 10 миң көчөт тигилип, анын 98 пайызы көктөгөн.