Жаңылыктар
Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу жолдору талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу жолдору талкууланды

 26-мартта Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилиги менен аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Кеңешмеге район-шаар башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, чек арага чектеш айыл аймак башчылары катышты.

Облус башчысы аткезчиликке бөгөт коюу боюнча буйруктар, протоколдук тапшырмаларга карабай, аткезчилик өсүп жатканын, бул маселе облустагы негизги көйгөй бойдон турганын белгилеп, аткарылып жаткан иш аракеттер боюнча тийиштүү жетекчилердин маалыматын укту. Кеңешмеде аткезчиликти токтотуу жолдору талкууланды.

Адистердин айтымында аткезчилик менен кармалган жарандар үчүн жаза чаралар жеңил болгондуктан, көрүлгөн иш аракеттер натыйжасыз болуп жаткандыгы айтылып, мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу ортого салынды.

Жетекчилер, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштери аяктаганга чейин мыйзам чегинде жазаны катаалдаштыруу менен көйгөйдү чечүү жолун натыйжалуу деп белгилешти. Учурда мыйзамга ылайык, чек арадан 500 миң сомго чейинки мыйзамсыз жүк менен кармалган жарандар үчүн 5500 сом айып пул каралган.

 Акыркы учурларда Лейлек районунун жана Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Тажикстан менен чектеш аймактары аткезчилик көп катталган аймак болууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов кеңешменин жыйынтыгы менен, аткезчилик менен алектенген жарандардын айынан суроо талап күч болгон товарлардын баасы жогоруларын, эч кандай документи жок, сапатсыз азык-түлүктөр чек арадан кирип, калктын саламаттыгына кооптуу учурлар жаралаарын эскертип, анын алдын алуу боюнча төмөнкүдөй тапшырмаларды койду. Алар;

- Жергиликтүү бийлик органдары эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү

- Жергиликтүү бийлик, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары, ветеринарлар, мобилдүү топтор менен чогуу иш алып барып, сырттан келген мал-жандыктарды карантинге жана каттоого алуу иш-чараларын жүргүзүү

- Аткезчилик фактылары катталган жерлерге видео камераларды орнотуу

- Ар бир аткезчилик фактысы боюнча терең изилдөө жүргүзүү

- Кошуна мамлекеттерге товар өткөрүү, чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайлары аркылуу гана, мыйзам чегинде ишке ашырылышы керек.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы өз ара аракеттенүү органдары менен биргеликте, 2025-жылдын 1-январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта жалпысынан 48 аткезчилик фактысы, Баткен бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 61 фактысы аныкталган.