Жаңылыктар
Нарындагы "Ала-Тоо" стадиону кайра курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы "Ала-Тоо" стадиону кайра курулат

Нарында футболдун деңгээлин көтөрүү жана массалык спортту өнүктүрүү максатында калаадагы “Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандарттар менен заман талабына ылайык кайра курулат.

Буга чейин стадиондун чек аралары такталып, С.Орозбаков көчөсү тарабындагы муниципалдык жерлер ижарадан кайтарылып алынып, ээлери тарабынан бузулуп, учурда стадионду куруу иштерине даярдык көрүлүүдө. Кыргыз футбол биримдиги тарабынан республика боюнча стадиондорго көңүл бурулуп, кайра куруу иштери башталды. Алардын катарында Нарындагы “Ала-Тоо” стадиону дагы бар.

УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев өткөн жылдын ноябрь айында стадионду көрүп кеткен. Андан бери стадиондун чек аралары такталып, базар жак бөлүгүндөгү убактылуу ижарага берилген муниципалдык жерде жайгашкан соода түйүндөр, дүкөндөр бузулуп жатат.

"Бул чоң долбоор. Ага кошумча стадиондо жайгашкан “Ала-Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин башкы имараты, эки кичи футболдук талаалары дагы бузулуп, стадион эл аралык стандартка ылайык кеңейтилип, бардык шарты менен 5 миң орундуу болуп салынат. Долбоор 2025-26-жылдары толук аяктайт”, - деди “Ала-Тоо” балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Элзар Мусаев.

“Ала-Тоо” стадиону 1974-75-жылдары ишке берилген. Андан бери капиталдык ремонт иштери жүргөн эмес. 2005-жылы Нарын шаардык мэриясы тарабынан көрүүчүлөр үчүн орундуктар коюлуп, футбол талаасы оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Нарын шаарында 250 бала футбол менен машыгат. Алардын катарында кыздар дагы бар. Стадиондун футбол талаасы талапка жооп бербегендиктен Нарын шаарынын командасы жакшы даярдана албай өткөн жылы “Улуттук Лигага” катыша албай калган.