Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 500-544-чакырымдар аралыгында (Ат-Башы району) жол жакшы көрүнбөй, катуу бороон болууда. Аймакты караган № 957 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен тазалоо иштерин тынымсыз аткарып жатышат. Бирок катуу бороонго карабай жолдо каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Катуу шамалдын кесепетинен айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери оодарылып, каттам үчүн үчүн кыйынчылык жаратууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.