Жаңылыктар
Торугарттагы катуу шамал жүк ташыган унаанын чиркегичин оодарды
Кыргызстан жаңылыктары
Торугарттагы катуу шамал жүк ташыган унаанын чиркегичин оодарды

Бүгүн Торугарт ашуусундагы катуу шамал чек ара өткөрмө бекетинин чатырын алып, бир жүк ташуучу унаанын чиркегичин кулаткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев УТРК Нарынга билдирди.

Анын айтуусунда, катуу шамал катталганы боюнча алгачкы маалымат саат 09.00 чамасында аталган башкармалыкка чек ара аскер бөлүгүнөн келип түшкөн.

“Торугартта катуу шамал болуп, көзөмөл өткөрүү жайынын чатырын алып кеткендиги боюнча алгачкы маалымат чек ара аскер бөлүгүнөн келип түштү. Андан тышкары катуу шамал бир жүк ташуучу унаанын чиркегичин аңтарып кеткендиги боюнча билдирүүнү анын жаныгдагы жүк ташуучу унаанын айдоочусу жөнөткөн. Бул маалыматтардын негизинде Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жерине жөнөп кетишти. Атайын түзүлгөн ыкчам топ айдоочулардын абалы жана техниканы тургузуу боюнча иш алып барып, жабыркагандарга жардам берет. 

Кыргызгидрометтин алдын ала берген маалыматтарына караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 23 метрден ашык деп болжолдошууда. Азыр дагы шамал болуп жатат. Торугарт бийик тоолуу аймак болгондуктан ал жакта кар жаап жатат, үч күн мурун болжол менен 30 сантиметрге жакын кар бар болчу” ,- деди Эрнес Дыйканбаев.

Учурда келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия түзүлүп,  иштеп жатат.