Жаңылыктар
Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды

УКМК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында 1997-жылы Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метр (0,65 га жер тилкеси менен бирге) бала бакча жана 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгын аныктаган.

 Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында менчик ээлери өздөрүнүн социалдык объекттерге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде балдар бакчасынын имаратын жер тилкеси менен бирге Оргочор айылынын балансына жана балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин күрөш залын Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын балансына өткөрүп беришкен, тагыраагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттерди мамлекеттин менчигине кайтарышкан.