Жаңылыктар
Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Торугартта болгон катуу бороонго байланыштуу Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган райондо бороондун ылдамдыгы 23 метр секундан ашып, Терек-Суу айылынан эки, Калинин айылында бир үйдүн, Торугарттагы Котур-Таш чек ара заставасынын чатырын алып, бир оор жүк ташуучу унааны, эки чиркегичин оордарып кеткен.

“Шамалдын күчү 23-25 метр секундага жетиши өзгөчө кырдаал жарыялаганга негиз болду жана Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Катуу шамал оор жүк ташуучу бир унааны жана эки чиркегичти кулаткан. Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам топ иштеп жатат. Жыгылган техникаларды калыбына келтирүү үчүн кран тартылды. Азыр ал жактагы айдоочулардын, чек арачылардын коопсуздугу көзөмөлдө. Бул шамалдан адам өмүрүнө коркунуч келген учурлар катталган жок”,- деди Эрнес Дыйканбаев.

Шамал басылгандан кийин аталган аймакта Жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, өзгөчө кырдаалдарга кабылган учурда токтоосуз "112" кызматына билдирүүнү эскертти. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.