Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 28-март күнү  саат 04:42де Казакстан Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган 

Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк батышка чейин) сезилген. 

ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.