УТРКнын медиа коммуникациялар боюнча окуу борборунда акыркы үч күн бою жасалма интеллект жана аны телерадио тармагында колдонууну үйрөнүүгө багытталган окуулар – атайын курстар өттү.
Үч күндүк окууда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Мээрим Артышева жасалма интеллектти колдонуунун негиздери тууралуу сабак өтүп, журналистика тармагы үчүн ылайыкташкан тиркемелер тууралуу маалымат берди.
Исхак Раззаков атындагы КМТУнун окутуучусу Ниязбек Эркинбек уулу IT чөйрөсүндөгү терең билимин УТРК кызматкерлери менен бөлүшүп, туура суроо-талаптын маанилүүлүгүнө токтолду.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу Жанара Акматбекова болсо медиа өндүрүштүн теориясы тууралуу айтып берди.