28-мартта таңга маал катталган жер титирөөнүн күчү Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында 5.5 баллга жеткен. Аталган айыл жер силкинүүнүн очогунан болгону 15 чакырым аралыкта жайгашкан. Мындан улам учурда Көпүрө-Базар айылында Талас облустук Өзгөчө кырдаал башкармалыгынын кызматкерлери, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, облустук жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Жер титирөөдөн 14 турак үйдөн жарака кеткени аныкталды. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарды аныктоо комиссиясы үймө-үй кыдырып, жергиликтүү тургундардан кабар алууда.
Алдын ала маалымат боюнча, өтө олуттуу жабыркоолор, же кулап калган үйлөр жок. Авариялык абалдагы турак жайлар бар. Көпүрө-Базарда иштеп жаткан комиссия ошондой эле аймактагы социалдык объектилерди да кыдырып, жер титирөөнүн кесепетин текшерүүдө.