Жаңылыктар
Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер Майя Султашева дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер Майя Султашева дүйнө салды

 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек  сиӊирген ишмер Майя Султашева бүгүн эртең менен 87 жаш курагында акка моюн сунду. 

Ал 1938-жылдын 29-апрелинде Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Жол-Колот айылында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулган. Караколдогу  С.М.Киров атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө өтөт. Экинчи курстан тарта он төрт миӊ студенттин арасынан Сталин атындагы, мамлекеттик жана жалгыз Ленин атындагы стипендиянын ээси болгон. 

Университетти  артыкчылык диплому менен бүтүргөн соң 1961-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетине ишке кирип, редакторлук кызматта эмгек жолун баштаган. Андан соӊ Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасына өтүп кетип, ал жерде мугалим, аспирант, доцент даражаларына жеткен.

1970-жылы руханий маданияттын ички мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн маселелери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1975-жылдан  1978-жылга чейин Фрунзе политехникалык институтунун философия кафедрасынын башчысы, 1978-1981-жылдары партиялык кызматта  - Фрунзе шааркомунун катчысы болуп иштеген. 

Андан кийин, 1981-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинин жетекчисинин орун басарлыгына дайындалып, бул кызматта 1986-жылга чейин иштеген. 1986-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун философия жана саясий экономия  кафедрасынын башчысы болуп иштеп, 1993-жылдан тарта ардактуу эс алууга чыккан.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-мартта Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз айылында өтөт.

УТРК жетекчилиги жана жамааты эмгек жолун ушул мекемеден баштап, кийинчерээк беш жыл жетекчинин орун басары болуу менен (ошол кездеги мамлекеттик телерадио комитеттин) Улуттук телерадио берүү корпорациясынын өсүп-өнүгүүсү үчүн чоң салым кошкон апаларыбыздын бири – Майя Султашеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.