Жаңылыктар
Торугартта катуу шамалдан кулаган техникалар калыбына келтирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Торугартта катуу шамалдан кулаган техникалар калыбына келтирилди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайында катталган шамалдын кесепетинен оодарылып калган оор жүк ташуучу үч унаа атайын техниканын жардамы менен калыбына келтирилди. Эки техника айдоочулардын күчү менен 27-мартта тургузулган.

ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев Торугартта абал турукташканын билдирип, шамалдан жабыркаган үйлөр боюнча Ат-Башы райондук жарандык коргонуу комиссиясы  иштеп жатканын кошумчалады.

“Келтирилген зыян боюнча комиссия иштеп жатат, чыгымдар бүгүн кечке чейин такталып бүтөт. Ал эми кулаган чоң техникаларды тургузууга кран тартылды. Дагы кошумча маалыматтар айыл өкмөттөрдөн такталып жатат. Азырынча “Өзгөчө кырдаал режими” алына элек. Негизинен абал турукташты. Бүгүн барып келдик, катуу шамал жок, бирок 5-10 метр секунд ылдамдыктагы шамал жүрүүдө”,-деди  Э.Дыйканбаев. 

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Максат Кадыркулов “Өзгөчө кырдаал” режими жарандык коргонуу комиссиясынын сунушуна ылайык алынаарын билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча катуу шамал Ак-Сай өрөөнүндөгү "Торугарт" чек ара бөлүгүндөгү казарманын, офицердик үйдүн чатырын, Ача-Кайыңды айылынан эки чарбалык курулуш менен эки үйдүн, Ат-Башы айылында бир сарайдын, Ак-Жар айылында бир үйдүн, Кара-Сууда эки, Калинин айылында  бир үйдүн, Терек-Суу айылында төрт турак үйдүн - жалпы 15тей турак жай жана чарбалык курулуштардын чатырын алып, дубалын кулатып кеткен. Мындай кырдаалга байланыштуу 27-мартта Ат-Башы райондук жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп, Министрлер кабинетинин 17.01.2025-жылдагы №21 “Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомуна жана Ат-Башы райондук агропостунун маалымкатына ылайык №2 протоколу менен Ат-Башы районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.