Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 538-544-чакырым аралыгындагы кооптуу бурулуш жана кыялары №957 жол тейлөө мекемесинин көзөмөлүндө. Жолчулар инерттик материал чачып жатышат. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаев билдирди.
Анын маалыматында, ушул эле жолдун 470-544-чакырым аралыгында учурда кар жаап жатат, шамал үйлөгөн жол бөлүктөрүндөгү кар күрткүлөр атайын техниканын жардамында тазаланууда. Жолдо каттам бар.
Ал эми Бишкек – Нарын - Торугарт жолундагы Долон ашуусунда, Түз-Белде 1-2 сантиметр кар жаады. Ошондой эле №955 жол тейлөө мекемеси тарабынан Көк-Мойнок – Кувакы жолунун 0-26-чакырымындагы кооптуу тилкелерге кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүрүүдө, жолдор ачык, каттам бар.