Жаңылыктар
Ат-Башыда катуу шамалдын кесепеттери такталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыда катуу шамалдын кесепеттери такталууда

Нарындын Ат-Башы районунда 27-мартта катталган катуу шамалдын кесепеттери аныкталууда. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жабыр тарткан курулмалардын санын тактап, келтирилген зыянды эсептөө боюнча иш алып барууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде болуп, катуу шамалдан Ак-Сай өрөөнүндөгү "Торугарт" чек ара бөлүгүндөгү казарманын, офицердик үйдүн чатырын, Ача-Кайыңды айылынан эки чарбалык курулуштун, эки үйдүн, Ат-Башы айылында бир сарайдын, Ак-Жар айылында бир үйдүн, Кара-Сууда эки, Калинин айылында бир үйдүн, Терек-Суу айылында төрт турак үйдүн, жалпы 15 чамалуу  турак жай жана чарбалык курулуштардын чатырын алып кеткендигин аныкташкан.

Мындан сырткары Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 479-527-528-530-чакырымдарында токтоп турган 5 оор жүк ташуучу унаа оодарылып жыгылып калган. Оодарылган 2 жүк ташуучу унаалар айдоочулардын жардамында тургузулган, калган 3 унаанын ээлери жардамдан баш тартышкан.

Тактоо иштери бүгүн, 28-март күнү да уланууда, кошумча маалымат берилет.