Быйыл түрк таанучу, тилчи Кусеин Карасаев жүз жыйырма төрт жашка чыкмак. УТРКнын “Маалымат” студиясынын кабарчысы Алмаз Батилов жана философиянын магистри Алтынбек Касымов өмүрүн илимге, кыргыз тилине арнаган илимпозду эскерип, анын «Кусеин Наама» — өмүр баян китебинде кыргыздар динге кандай мамиле кылганы тууралуу баяндарын кыскартылган түрдө сунуштайт.
Ыйман
Тарыхты аңтарып карасак, дегеле динсиз эл жашаган эмес экен. Дүйнөдөгү чоң диндин бири - Ислам дини. Кыргыз бул динге эчак эле кирген экен. Аны билүү үчүн Василий Бартольддун эмгегин карасаңар толук маалымат аласыңар. Ошол азиз академик түрколог менин устазым. Эки жыл ошол кишинин лекциясын окуп жүргөндө укканмын. Өзү менен да жакын болгомун. Кыргыздар ислам дининин жоболорун катуу туткан. Өздөрү сабатсыз болгонуна карабастан, ал диндин буюргандарын аткарууга тырышкан. Ислам дини тыйган нерседен качкан. Намаз окуганда - ниетин фарсы тилинде айтчу, жалынганын араб тилинде айтчу. Мен молдолордун намаз окуганын айтып аткан жерим жок. Карапайым, намаз окуган адамдын намаз окуганын айтып атам.
Ислам дининде мусулман адам эч бир кыйшаюсуз аткара турган бир парыз (милдет) болгон бир жобо бар. Анын эң башкысы-Ыйман. Ыйман - ишенүү, уюу деген мааниде. Мына ушуга ишенген, дили менен уюган, жаман ишке жолобогон, Алланын амиринен, жаман ишке жолобогон ак пейил адамдар гана ыймандуу болот деп чын дилинен ишенген.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары намаз окуунун шарттары жазылган “Шарайтул иман” (кыргыздар аны ыйман шарт деп аташчу) аттуу кичинекей китеп чыгарган. Ошол китепчени ар бир сабаттуу адам алып, үйүнө катып коер эле. Адам өлгөндө (жаны чыгып жаткан маалда) “ыйман угузабыз” деп, адамдын баш жагына отуруп алып, үн чыгарып жогорку мен келтиргендерди угуза турган. Демек, тиги дүйнөгө да ислам дининин ишеними менен кетсин деген ойдо болор эле. Азыр ошол жөрөлгө сакталууда.
Намазды кыргыздар кандай окуган?
Ислам дининин милдеттүү аткара турган дагы бир жобосу - Намаз. Бир суткада беш мертебе окуш керек. Илгерки кыргыздар намазды Кокон хандыгынын мезгилинде эл ичине кыдырып келген, мал табуу үчүн да, дин таратуу үчүн да келген кожолордон үйрөнгөн. Албетте, алар намаздын ниетин фарсы тилинде айттырган. Мисалы: ийет кердем, богу заарам, чаар ирекетамаз шам. Мында фарсынын бир да сөзү туура айтылган эмес. Нукура кыргызча болуп калган. Ал эми жалынууну араб тилинде айткан. Мисалы: кулкулдабат, алдам самат, улам жылат, улам жакын, улам жулат, күбүп алып жеп атат. Ушул айтылган кайсыл сүрөө экенин боолголоп байкап аткандырсаңар. Баары кыргызча болуп калган. Бирок, чын дили менен уюган. Кудайга жалынып атам, күнөөмдү кечирет деп ишенген. Дилин тазалаган, андан коркуп, жаман ишке жологон эмес. Намаз окуганды илгерки кыргыздар бири биринен үйрөнгөн. Ошон үчүн фарсы, араб сөздөрү дайны билинбей калган. Исламдын бир парызы - Намаз. Муну жогоруда мен айткандай окушчу.
Орозону кыргыздар кандай кастарлаган?
Экинчи парызы - Орозо. Муну да бардык мусулманмын деген кыргыз кармачу. Мына ушул орозо өтө эле шаңдуу өтөр эле. Таңга жуук зоор ичер маал болгондо, айыл-айылдагы жигиттер, ага кошулуп өспүрүм балдар, атка минип алышып, арасындагы шайыр, акын, үнү жакшы жигитти эрчип, инабаттуу адамдардын, карыя адаамдардын үйүнүн жанына келип, Жарамазан айта турган. (“Жарамазан”-йаа рамазан деген эки сөздөн жасалган). Ошондогу Жарамазандан эске калгандарынан мисал берейин:
Адыр-адыр жерлерден,
Айгыр биз минип келдик.
Айгыр оозун тарта албай,
Бай үйүнө кез келдик.
Будур-будур жерлерден,
Бука биз минип келдик.
Бука мурдун тартаалбай,
Бай үйүнө кез келдик.
Бычак учу жалтырайт,
Жеңем май томуруп атабы.
Казан-аяк калдырайт,
Жеңем, курут алып атабы.
Жарамазан айта келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.
Жарамазан айткандан ким тойгон бар,
Байыркынын нускасын ким койгон бар.
Мына ушинтип, жакшынакай, куюлушкан сөздөр менен уйкудан жаңы туруп, зоор иче турган адамдардын жүрөгүн элжиреткен. “Жарамазандын” сөздөрү узун. Мактоонун чегине жеткенде, адамдардын сезими козголуп, жарамазанчыларга чоң сыйлык бере турган. Эң аягында:
Байдын берген коюн өңөргүлө,
Байбиченин берген тонун бөктөргүлө! - деп аяктаар эле.
Орозо айты башталарда жаш өспүрүмдөр күн мурун мине турган тай-кунандарын таптап, алардын көкүлдөрүнө шуру-седеп байлар эле. Колунда жок жардынын балдары бай туугандарына жүгөндөрүн көтөрүп барып, тай же кунан сурай турган. Ал агалары да корстон болуп, баланын сураганын бере турган. Ошол айт күнү балдар аттарына минип топтошуп, айылды кыдырып, ар бир үйгө кирип, айт тамагынан ооз тийишип, бата кылышып, тай-кунандарына минип жарышып, рахаттанар эле. Мен дагы ошол балдар менен жүрүп рахаттанчумун. Кыз-келиндер жасанып, тоту куштай таранышып, топтошуп, ар бир үйлөргө кирип, айт тамагынан ооз тие турган. Майрам күндөрүндө жаштар арасынан бир да чыр-чатак чыкчу эмес. Карыялар ар бир үйгө бөлүнө кирип, жай баракат чай ичип, эт жеп тарар эле. Маектешип отурганда, улуу сөздөн кеп кылып, акыл-насаат сөздөрүн айтышып, ак батасын беришчү. Айт күндөрү куудул сөздөр, ыгы жок тамашалар болчу эмес. Ал күндөрү Кудайга жалынуу, күнөөдөн арылуу жөнүндө ойлонушчу.
Орозо Айтты майрамдоо
Көчмөн кыргыздар Орозо айтынын намазын окууга ылайыктуу бир дөбөгө чогулар эле. Эл сабалап, ат менен ошол дөбөнү көздөй жөнөшчү. Бир адам дөбөгө ат ойнотуп чыгып, тебетейин булгалап, келе жаткан элди карап, “Саффан саф”–деп кыйкыра турган. “Тез келгиле. Сап болуп, тизилип калдык,”- деген белги. Келе жаткан адамдар шашылып, ыкчам келип калар эле. Балдар үчүн кандайдыр шаңдуу көрүнчү. Жерге жоолук жайып, намаз акысы үчүн акча чогултчу. Ал акча – намаз окуганда ыймам болгон молдого тийиштүү. Көчмөн эл бир эле күн майрамдаса керек эле. Отуруктуу эл 3 күнчө майрамдашчу.
Зекетке кыргыздын мамилеси
Ислам дининдеги милдеттүү парыздын дагы бири - Зекет. Бул диндин салыгы. Көчмөн кыргыздар муну аткарып жарыган деле эмес.
Кокон хандыгынын мезгилинде атайы кишилер келип алып жүргөн болуу керек. Шариатта зекеттин өзүнчө өлчөмү бар. Малынан зекет берген кыргызды мен байкаганым жок. Орусиянын колуна өткөндөн кийин малдан салыкты өкмөткө бергенин так билемин. Ал эми Ошур деп, эгинден акчалай жыйнап жүргөнү эсимде бар. Аны - молдолор алса керек эле. Зекет бербеген мал арам болот деп айтып жүргөнүн укчумун.
Кылычтын казалында (Зар заманында):
Зекети жок малыңыз,
Эшек менен качырдай!-деген ыр саптары бар.