Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-мартта кечке жуук, саат 16:56да Талас облусунун аймагында очогундагы күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди. Силкинүү күчү ордо калаа Бишкекте да сезилди.
Силкинүүдөн кыйроолор жана жабыр тарткандар болгон-болбогону тууралуу маалыматтар такталып жатат.
Ушул эле күнү, 28-марттын таңында (саат 04:42де) Казакстандын аймагында күчү очогунда 5,5 баллга жеткен жер титиреген. Анын күчү Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5.5 балл, Чүйдүн Кара-Балта шаарында жана Бишкекте болжол менен 4 баллга чейин сезилген.
Силкинүүдөн соң Таластын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жаракалар кеткени такталган.