Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн талкуулашты. 

Тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы этабын белгилеп, туруктуу тынчтык, экономикалык өнүгүү жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулукту чыңдоо үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө ишеним билдиришти.