Жаңылыктар
"Ак-Толкун" ишканасынын мурдагы директору Б.Кыдыкбаев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ак-Толкун" ишканасынын мурдагы директору Б.Кыдыкбаев кармалды

Мамлекеттик "Ак-Толкун" ишканасынын мурдагы директору Бекболсун Кыдыкбаев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Анда айтылгандай Кыдыкбаев мамлекеттик бюджетке ири суммадагы залал келтирген деп айтыпталууда. 

Эске салсак 2014-жылдын 14-ноябрында президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик "Ак Толкун" ишканасынын директору Кыдыкбаевге жана бир нече адамдарга карата КРнын Кылмыш жаза кодексинин 171 - "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" жана 304 - "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган. 

"Бүгүн, 30-ноябрь күнү УКМК Башкы прокуратура жана ТИМ менен биргеликте издөөгө алынган Бекболсун Кыдыкбаевди Бишкекке алып келди. Ал АКШда жүргөндө кармалды", - деп айтылат маалыматта.