Жаңылыктар
Үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен жерге курулган символикалык стелла ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Үч өлкөнүн чек аралары кесилишкен жерге курулган символикалык стелла ачылды

Ынтымактын символу болгон стелланын салтанаттуу ачылуу аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев, Тажикстандын Президенти Имомали Рахмондун онлайн катышуусунда ачылды.

Үч өлкөнүн мамлекет башчылары Тажикстандын Худжанд шаарында туруп, ачылууга старт беришти.

Жеринен иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Өзбекстан Республикасынын вице-премьер-министри Ачилбай

Раматов, Тажикстандын вице-премьер-министри Сулаймон Зиёзод катышты. Жетекчилер ынтымак менен биримдикти чагылдырган курулуштун ачылуусу кошуна элдердин кылым карыткан ынак мамилесин бекемдөөгө зор өбөлгө болорун белгилешти.

Стелланын курулушу чектеш жайгашкан үч өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо иштеринин аякташын билдирет.

Аталган курулуш Кыргызстандын Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Гара айылынын Кош-Моло талаасы менен Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жерине курулду.