Жаңылыктар
Сасык тумоого байланыштуу борбор калаадагы мектептер убактылуу жабылды
Ден соолук
Сасык тумоого  байланыштуу борбор калаадагы мектептер убактылуу жабылды

Борбор калаада сасык тумоодон улам 20 мектеп карантинге жабылды.

Апта ичинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мекеме Бишкекте мектептердин ичинен отуз төртүн текшерип чыккан.

 Жыйынтыгында жыйырма мектепте сасык тумоодон балдардын 30 пайызы сабакка келбей атканы аныкталган. 

Мындан улам, келерки дүйшөмбүгө чейин мектептердеги окуу процессин убактылуу токтотуп туруу токтому чыккан. 

Учурда медицина кызматкерлери башка мектептерди да текшерип жатат.