27 – мартта Ак-Сай өрөөнүнүн “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү жайында жана Ат-Башы районунун аймагында катталган катуу шамал 886 миң 940 сомдук материалдык зыян келтирди.
Турак жай жана чарбалык курулуштардын чыгымы 405 миң 744 сом болсо, “Торугарт” чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту 481 миң 200 сомдук зыянга учурады.
Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы Дамир Момбековдун айтымында, шамалдын кесепетинен Ат-Башы жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүндө 14 турак жай жана 14 чарбалык курулуштар жабыркап, алардын ичинен тогузу гана камсыздандырылган.
Шамалдын күчү район аймагында 24-27, Торугартта 25-28 метр секундага чейин жеткен. Оор жүк ташууну 5 унаа оодарылып, турак жайлардын чатыры кыйраган. Мындан улам райондо бир күнгө “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип кайра алынды.