Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 5 жылдык мөөнөттө аткарылган иштери жана 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. 

Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын 70тен ашык өкүлдөрү катышты. 

Төрт саатка созулган маалымат жыйында өлкө башчы 48 кабарчынын 100дөн ашык суроолоруна жооп берди.

Суроолор тышкы жана ички саясат, өлкө экономикасы, социалдык абал, алдыда баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өтө турган жалпы элдик добуш берүү өнөктүгү жана келерки жылдагы президенттик шайлоо, укук коргоо, сот тармагындагы реформалар, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээли жана бийликтин кадр саясаты боюнча берилди. 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын 5 жылда жетишкен ийгиликтерине, кемчиликтерине кеңири токтолуп, президенттиктен кийин эмне иш менен алек болорун айтып берди. Өлкө башчынын жеке жашоосуна кызыккан кабарчылар да көп болду. 

Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматты аркалаганына толук беш жыл толду. Ал өлкөнү жетектөөгө 2011-жылдын 1-декабрында киришкен.