УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун кылмыштуу ишмердигине бөгөт койду.
УКМК 2025-жылдын башынан бери баңгизаттарды өндүрүүгө жана жайылтууга каршы күрөшүү боюнча пландык иш-чаралардын алкагында синтетиканы өзгөчө ири өлчөмдө сатууга бөгөт койду. Ошентип мыйзамсыз жүгүртүүдөн 44 кг. 420 гр. синтетикалык баңгизат алынып, 7 кыргыз жараны кармалып, 3 нарколаборатория аныкталды.
Кармалган баңгизаттардын базар баасы 266 млн. 520 миң сомду, б.а. 3 миллион АКШ долларын түзөт. (бул заттын 1 гр. 6000 сом).
Синтетикалык баңгизаттар чөйрөсүндөгү кылмыштарды талдоо көрсөткөндөй, бул мыйзамсыз ишке 30 жашка чейинки жаштар активдүү катышып жатат. Буга байланыштуу УКМК менчигинин түрүнө карабастан жарандарды жана уюмдарды баңгизатка байланышкан кылмыштардын алдын алуу максатында жаштар менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырат.
Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу, даярдоо же жөнөтүү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.