"Бизнес - бийлик - бир багыт" форумунун башкы максаты Талас облусунун аймагында ишкердикти колдоо менен облустун экономикалык жана өнөр жай тармагын, туризимди өнүктүрүү.
Бизнес форумга Финансы министринин орун басары Эрнест Калдыбаев, Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана облустагы ишкерлер катышууда.
Форумдун алкагында Талас облусунун аймагында өндүрүлгөн азыктар көргөзмөгө коюлду.