УКМК «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Жалал-Абадда облустун прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлгөнүн маалымдады. Кеңешменин жыйынтыгында мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жана анын талаптарын бузууга жол бербөө үчүн биргелешкен иш-чаралар планы түзүлгөн.
Аталган мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда “никаб” кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт.
УКМК тараткан маалыматта мыйзам бузуунун алдын алуу үчүн укук коргоо органдары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү, жарандарга эскертүү берилип, коомдук жайларда “никаб” кийбөөгө чакырылганы, өз учурунда жарандар мыйзамдын талаптарын түшүнүү менен кабыл алганы айтылат.
УКМК мыйзам талаптарын бузууларга административдик жаза менен чара көрүлөрүн эскертет.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим.