5-7–апрель күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу арыктарды тазалоо, жээктерин бекемдөө жумушу жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан да жүргүзүлүшү зарыл.
Урматтуу жарандар, берилген шашылыш билдирүүгө карата коопсуздук эрежелерин эске алыңыз. Өзүңүздүн турак-жайыңызды коргоо иш-чараларын жүргүзүңүз.
Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.