Бүгүн, 7-апрелде Талас шаарынын жаңы Борбордук стадионунун курулушу алдында мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Ага УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев жана Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талант катышты.Талас облусунун учурдагы жалгыз Эшим Кутманалиев стадионунун аймагында алгачкы футболдук беттеш 1937-жылы өткөн. Андан кийинки жылдары, стадион курулгандан тарта бир катар оңдоп түзөө жана жаңылоодон өткөнү менен, учурда заманбап талаптарга жооп бербейт. Андыктан, өлкө облустарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттин көп багыттуу саясаты жана Президенттин «2024– 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Талас шаарынын Асанбек Оторбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесинде, жаңы Талас шаарынын Борбордук стадиону курулганы турат. Аталган стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 5,56 гектарды түзөт.
Заманбап талаптарга жооп бере турган стадиондун батыш жана чыгыш тараптарында жайгашкан трибуналар 5055 көрүүчүгө ылайыкталат. Ал эми үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр салынат. Андан сырткары, аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, конференц-зал жана бир нече администрадивдик бөлмөлөр жайгашат. Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат.
Стадиондун оюн талаасы гибриддик болуп, анын айласында чуркоо аянтчасы курулат. Ал эми стадиондун өзү жана карамагындагы аянтча, жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Стадионго караштуу аймакта футбол аренасынан сырткары жасалма чөптөн машыгуу оюн талаасы, воркаут аянтчасы, фудкорт аянтчасы орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле, стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.
Аталган ийри футболдук инфратүзүмдүк объект Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Талас аймагында алгачкы жолу курулуп, облустун тургундары жана өзгөчө жаш муундун өкүлдөрү арасында дени-сак жашоо образын жайылтууга шарт түзүп, эл аралык мелдештерди кабыл алууга ылайыкталат. Бул инфратүзүм объекти шаарга көрк кошуп, облустук, республикалык жана эл аралык маанидеги масштабдуу иш чараларды кабыл алат.