Жаңылыктар
Кант кызылчасын кайра иштетүүчү "Кошой" заводун иштетүү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кант кызылчасын кайра иштетүүчү "Кошой" заводун иштетүү зарыл

2017-жылы “Кошой” заводу ишке кирсе, кызылчаны кайра иштетүү жана калкты ата мекендик кум шекер менен камсыздоо маселеси чечилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “Кошой” заводунун иши менен таанышуу учурунда билдирди. Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болуп, жалгыз “Кайыңды-Кант” заводу дыйкандардан кызылчаны кабыл алууга үлгүрбөй калып жатты. Кызылчага жык толгон оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду. Мындан улам “Кошой” заводун ишке киргизүү зарыл болуп турат. 

Жалгыз “Кайыңды-Кант” заводу калкты 20 пайыз кум шекер менен камсыздайт. Калганы сырттан ташылат. Эми “Кошой” заводун ишке киргизүү жагы каралып жатат. Буга Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 15 жарым миллион доллар насыя бөлүп берүүгө макул болгон.

Завод жетекчилиги каражатты токтоп турган ишкананы жандантууга жана модернизацияга жумшайт. Буу станциясы, кесүүчү шаймандар жана газ меши оңдолуп, жылуулук берүү борбору да жаңыланат. Бул ишке ашса ишкана электр энергиясы менен толук камсыз болот. Керек болгон жабдуулардын баары Германиядан алынат.

Завод келерки жылдын октябрь айында ишке кириши керек. Бул маалга кызылчанын түшүмү да жыйналып калат. Ишкананын кубаттуулугу адегенде бир суткада 2800 тонна кумшекер болот. 250 тоннадан чийки затты кабыл алынып турат.

Заводдун абалы менен таанышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик мекемелерге аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, ишканага бара турган жолду жасоо, дыйкандарга берилчү насыянын өлчөмүн көбөйтүү жана аларды үрөн сатып алуудагы кошумча нарк салыгынан бошотуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл 11 миң гектарга кант кызылчасы айдалып, 650 тонна түшүп жыйналган. Учурда калк кум шекер менен 20 пайызга камсыздалып жатат. “Кошой” заводу ишке берилсе өлкө толугу менен ата мекендик шекер менен камсыздалат. Андан соң экспорт маселеси да каралат.