Жаңылыктар
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму «Акча боюнча глобалдык жума – 2025тин» ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму «Акча боюнча глобалдык жума – 2025тин» ачылышына катышты

Улуттук тарых музейинде «Акча боюнча глобалдык жума – 2025тин» салтанаттуу ачылышы жана кеңири камтылган каржы жарманкеси өттү. Иш-чараны Улуттук банк Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурду.

Бул иш-чарага каржылык сабаттуулугун жогорулатууга кызыккан студенттер, жаштар, борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты. Расмий бөлүктө жеке каржыны башкаруу, үнөмдөө жана инвестициялоо боюнча негизги темаларды камтыган интерактивдүү лекциялар өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму чоң роль ойноп, каржы жарманкесинде камсыздандыруу кызматтарынын кеңири спектрин жана консультацияларды сунуштады.

Уюмдун стенди иш-чарага келгендердин өзгөчө көңүлүн бурду — кызматкерлер катышуучуларды камсыздандыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат менен камсыздап, кеңештерди берип, маалыматтык материалдарды таркатышты.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун атынан МКУ ААКтын  Юридикалык башкармалыгынын башчысы Улугбек Нишонов Улугбек баяндама жасады. Өз сөзүндө ал камсыздандыруу калктын каржылык туруктуулугун жогорулатуунун эң маанилүү инструменттеринин бири экенин белгилеп, уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана камсыздандыруу жаатындагы укуктук аспектилер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, келгендерге уюм тарабынан белектер жана таттуу сый тамактар таратылды.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча өзүнүн активдүү позициясын жана жарандардын каржылык коопсуздугун камсыздоодо ишенимдүү өнөктөш болууга даяр экендигин дагы бир жолу көрсөттү.