Жаңылыктар
Белек Солтоноев - кыргыз тарых илиминин атасы
Маданият
Белек Солтоноев - кыргыз тарых илиминин атасы

1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтом чыгып, кыргыз элинин нечен кылым мурда жоготкон мамлекеттүүлүгү кайра калыбына келтирилди. Бул тарыхый процессти ишке ашыргандар Төрөкул Жанузаков Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Дүр Сооромбаев, Турдалы Токбаев, Сейдахмат Чукин, Жусуп Абдрахманов,  Дали-Мырза Зульфибаев, Абдыкадыр Орозбеков, Касымбай Телтаев, Жусуп Кангелди уулу жана башка чыгаан мамлекеттик ишмерлер  болгон. Алардын катарында тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев да бар.

Ал эрктүү кыргыз мамлекетин курууда төө көтөргүс эмгек кылды. Осмонаалы Сыдык уулу менен Солтоноев алгачкылардан болуп кыргыз элинин тарыхын эне тилибизде кагаз бетине түшүрүштү.  Белек Солтонкелди уулу “Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу илимий кол жазмасын жазууга өмүрүнүн кырк жылын сарптаган.


1934-жылы ал жогорудагы илимий изилдөөсүн жыйынтыктап төмөнкүчө жазган: “Кызыл Кыргыз тарыхы” Белек Солтонкелди уулу Солтоноев. Насилим кыргыз. Тайым саяк. 1895-жылы баштап жыйып, 1934-жылы жамдадым”. Солтоноев китебинде "ар бир жүрөгүндө жалыны бар жигит өз элинин тарыхын билүүгө милдеттүү" деп жазган. Мындан тышкары Белек Солтонкелди уулу кыргыздын ичинен чыккан алгачкы котормочу, ботаник жана энтомоло́г (курт-кумурскалардын ар кандай түрлөрүнүн изилдөөгө негизделген илим - ред) болгону тууралуу  коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кабары жок

Анын көөнөргүс эмгегин кызы Зайнакан алтымыш жыл кара сандыкта катып сактады. Эң өкүнүчтүүсү Солтоноевдун бир нече сүрөтү гана сакталып калган. 1988-жылдан баштап Белек Солтонкелди уулунун “Кызыл Кыргыз тарыхы” аттуу китебинин кол жазмасынын үзүндүлөрүн “Ала-Тоо” журналына  белгилүү жазуучу Кеңеш Жусупов чыгара баштады. Ошондо гана калың журт алгачкы ата мекендик тарыхчынын эмгеги менен тааныша баштады.

Бала чагы

 Белек Солтонкелди уулу 1878-жылы Чоң-Кеминдин Тегирменти айылында жарык дүйнөгө келген. Анын өз атасы Солтонкелди эрте каза болуп, энесинин боюнда калган. Ошол убактын жөрөлгөсү боюнча кайын иниси Солтоной менен баш кошот. Ошон үчүн фамилиясы Солтоноев болуп жазылып калган. Ал сабатын араб ариби менен ачкан. Эс тартып калган кезинде Чолпон-Атада орус тилин үйрөнгөн. Андан кийин Караколдо орус-тузем мектебин бүтүргөн соң Пишпектеги окумуштуу Алексей Фетисовдун багбандар мектебинде эки жыл билим алган.

Илимге карай жол

1895-жылдан баштап «Кызыл кыргыз тарыхы» аттуу илимий эмгегин жазууга киришет. Белек Солтонкелди уулу эмгегинде байыркы кытай тарыхчылары, түрк, араб, орус окумуштууларынын эмгектерин пайдаланган. Солтоноев тарыхый булактарга таянып, «Кыргыздын эң байыркы турган жери Эне-Сай дайрасы, Алтай, Саян, Тянь-Шань, Памир, Хотан тоолору жана ушул айтылган тоолордун аралары менен өзөн-салаалары болгон» деп баса белгилеген.

Бозгунчулук

 1916-жылы Солтоноевдун орус тилин мыкты билгенин жана калыстыгын баалап, айылдаштары болуш кылып шайлашкан экен. Ошол эле жылы  кыргыз эли Орусия падышасына каршы  көтөрүлүш чыгарат. Бирок падышанын баш кесерлери козголоңду аёосуз басат.

Жазалоочу отряддардан качкан кыргыздар Чүй, Нарын жана Ысык-Көл өрөөндөрүн айласыз таштап, Чыгыш Түркстанга качат. Белек Солтонкелди уулу Үч-Турпан аймагын баш паанектейт. Ошондо да ал кол жазмасын ала кетип, ал жерде да кыргыз тарыхын изилдөөсүн уланткан.

Мекенге кайтуу

1917-жылы Орусияда большевиктер Убактылуу өкмөттү кулатып бийликти колго алышат. Алар мындан ары мурдагы орус империясында жашаган бардык улуттар тең укуктуу деп жар салат. Бул ураандын аркасы менен большевиктер кыргыз качкындарына Чыгыш Түркстандан Ата Мекениңерге  кайткыла деп чакырык таштайт.

Бул чакырыктын аркасы менен 1917-жылы Солтоноев  Кыргызстанга кайтып келген. 1918-1920-жылдары 217-чек ара полкунда котормочу болуп, аскердик кызматын өтөгөн.

Кайрадан бозгунчулук

 1920-жылы "падышанын  учурунда болуш болгонсуң, демек Совет бийлигине каршысың" деген шылтоо менен  куугунтукка алынат. Солтоноев аргасыздан Алматыга качат, ал жерде эки жыл жашынат. Алматыда ага казак элинин даңазалуу жазуучусу Мухтар Ауэзов жардам берет. Ошол жылдары Белек Солтонкелди уулу кыргыздын ичинен биринчилерден болуп чет мамлекеттик классиктеринин айрым чыгармаларын которо баштайт.

Ата Мекенге кайра кайтуу

                    Белек Солтоноев (2-катарда ортодо) кыздары Зайнакан, Зилия, Нурия, Токтакан. Уулдары Уланбек менен Темиркан.  Кɵк-Ойрок жайлоосу, Чоң Кемин. 1936-жыл



 Ошол учурда кыргыз эли нечен кылым мурда жоготкон мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирүү процесси башталган. Ошондуктан кыргыз эли эл тарыхын эне тилинде жазган жана  түшүндүргөн илимпоз Белек Солтонкелди уулуна муктаж болчу. 1922-жылы аны Алматыдан Жусуп Абдрахманов менен Шабдан баатырдын уулу Самүдүн кайра Пишпекке чакырышат. Белек Солтоноев менен Жусуп Абдрахманов дос болушкан, экөөнүн мүдөөсү бир болгондуктан аягына чейин кол үзүшкөн эмес.

Белек Солтонкелди уулу борбор калаадагы жалпы билим берүү комитетине жумушка орношуп, элдин сабатсыздыгын жоюуга активдүү катышат.

Атайын тапшырма

1924-жылы Түркстан АССРинин борбордук аткаруу комитети 1916-жылы Синьцзянда калган качкын кыргыздарды Ата Мекенине кайтаруу тууралуу чечим чыгарат. Өкмөт бул чечимди аткарууга  Солтоноевду алты айга Чыгыш Түркстанга жиберет. Белек Солтонкелди уулу Үч-Турпан жана Ак-Суу чөлкөмүн кыдырып, дунган жана уйгурлардын байларына кулдукка сатылып кеткен  кыргыздын балдарын таап, бошотот.

 Илимий  жолдун уланышы

 Ал Синьцзяндан келген соң кийин Өлкө таануу институтуна орношуп, кыргыз тилинин терминологиялык сөздүгүн түзөт. Мындан тышкары Солтоноев өсүмдүктөр менен көпөлөктөрдү чогултуп, аларга илимий түрдө мүнөздөмө берүүгө аракет кылган.   Мындан сырткары ал ыр да жазганы тууралуу маалымат бар.

Кыргыздын атчан чериктерине көмөгү

1925-жылы  27-июнда Түркстан фронтунун буйругу менен өзүнчө кыргыз атчандар жарым эскадрону түзүлөт. Бул аскердик бирикмени эрктүү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү жана чек ара кызматынын башаты катары кароого болот. 1932-жылы ушул тактикалык бирикме 53-кыргыз атчандар полкуна айланат.

                                                Өзүнчө кыргыз атчандар эскадронунун командирлери. Фрунзе,1926


Жогорудагы  аскердик бирикменин курамынан Советтик Кыргызстандын аскердик, саясий жана чыгармачыл элитасы калыптанган. Алгачкы кыргыздын аскердик бирикмесинин жоокерлеринин басымдуу бөлүгү кат таанычу эмес. Бул чериктердин сабатын  жоюуга Белек Солтонкелди уулу, Кусейин Карасаев, Айткулу Убукеев, Зыяш Бектенов өңдүү туңгуч кыргыз илимий интеллигенциясынын өкүлдөрү активдүү катышкан

Эмгектин бүтүшү

 1925-1936 жылдары Солтоноев Эл агартуу комиссариатынын маданият курулуш илим-изилдөө институтунда, Борбордук архивде иштеген. 1934-жылы ал жогорудагы илимий изилдөөсүн жыйынтыктап төмөнкүчө жазган: “Кызыл Кыргыз тарыхы” Белек Солтонкелди уулу Солтоноев. Насилим кыргыз. Тайым саяк. 1895-жылы баштап жыйып, 1934-жылы жамдадым”. Белек Солтонкелди уулу “Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу илимий кол жазмасын жазууга  кырк жыл өмүрүн сарптаган. Солтоноев китебинде "ар бир жүрөгүндө жалыны бар жигит өз элинин тарыхын билүүгө милдеттүү" деп жазган.

Бөөдө өлүм

 1937-жылы 14-сентябрда ал Совет бийлигинин душманы деген жалаа менен абакка отургузулат. Мындан сырткары тергөөчүлөр "1924-жылы Кытайга баргансың, ошол өлкөнүн чалгын кызматынын тыңчысысың" деп айыпташат. 1938-жылы 10-февралда атууга кеткен. Азырга чейин сөөгү кайда коюлганы белгисиз.

Солтоноевдун эмгектерин изилдөө

 Анын көөнөргүс эмгегин кызы Зайнакан алтымыш жыл кара сандыкта катып сактаган. Зайнакан апанын мээнети менен калың журтка Солтоноевдун мурасы кайтарылды. 1980-1990-жылдары Солтоноевдун эмгегин калың элге тааныштууруда жазуучу Кеңеш Жусупов, тарыхчы Өмүркул Караев, акын Качкынбай Артыкбаев, адабиятчы Кеңешбек Асаналиев жана сынчы Садык Алахан чоң роль ойношту.

1991-жылы Кеңеш Жусупов түзгөн «Кыргыздар»  китебине Белек Солтоноевдин китебинен этнографиялык бөлүктөрү киргизилген.  Эмгекке  болгон кызыгуу күч алып 1993-жылы «Кызыл Кыргыз тарыхы» деген аталыш менен эки китеп болуп жарык көргөн.

2003-жылы Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Белек Солтонкелди уулунун “Кызыл Кыргыз тарыхы” китеби жарыкка чыккан. 2005-жылы илимпоз Кундуз Жусупбекова “Белек Солтоноев – чыгармачыл инсан” аттуу кандидаттык диссертациясын коргогон.

Котормо жана ырлары

1965-жылы 12-декабрда гана  Белек Солтонкелди уулунун “Жаш Ленинчи” журналында Жуковскийдин “Бугу” аттуу ырынын котормосу чыккан.

                      Бугу

Бир күнү суу ичмекке бугу жүрдү,

Берилип бир булакка басып келди.

Мүйүздүн чынарланган көлөкөсүн,

Ичинен ошол сууну байкап көрдү.

 Мүйүзүм кандай жакшы баа жетпес,

Байкасам эч бир жандар менден өтпөс.

Кантейин буттарымдын начардыгын,

Капамын күйүтүм зор, эстен кетпес.

Бутуна бугу байкуш кылып арман,

Эмшеңдеп ээги түшүп күйүп жанган.

Бул сөздү айтып оозун жыя электе,

Качырып арстан чыкты ай талаадан.

Көргөн соң арстан жаман шашты,

Түйүлүп, зымырылып, чулгуп башты.

Жеткирбей ай талаадан арстанга,

Корголоп бадал, черге кире качты.

Токойдо жүрө албады мүйүзү илип,

Артынан жетти арстан кууп келип,

Басалбай бадал черде жүргөнүндө,

Арстандын азуусунда калды желип.

Жедирип бугу жатып айткан сөзү,

Алактап жан талашып; эки көзү

«Жоо болду өз мүйүзүм ардактаган,

Көрсө бул жүк экен го абдан жаман.

Жаман деп бул бутуман көрдүм пайда,

Кутулдум жеткирбестен алда кайда.

Төбөмдө кастарлаган кастарыман

Мен калдым ажал жетип ай арманда.



1966-жылы 26-мартта кыргыз адабиятында проза жанрын баштоочуларынын бири, агартуучу, тарыхчы-этнограф, фольклорист, акын, жазуучу, котормочу Белек Солтоноевдин эки ыры “Кыргызстан пионери” гезитине басылып чыккан.

         Бала чак

Бала чакта өмүрүң балапанча.

Ак күп түшпөй кызыл эт ара чакта. 

Оюн, тамак, уйкудан башкадан ойдо жок,

Чырымталы түшө элек чакта. 

Бөдөнөнү кубалап  кармап алып. 

Балдырканды канаттан байлап салып,

Барпыратма койчу элем чакчыгайга,

Эрте кетип,  кечинде үйгө барып. 

Көпөлөктү кубалап, жумуртка издеп,

Бала көрсөм, чакырып ойнойбуз деп. 

Бир күн таттуу, бир күн кас кайран теңтуш

Канча урушса көңүл калбаган кирдеп. 

Далай бактым күйкөнүн балапанын,

Тырмагына тыттырып алаканым,

Алат ко деп чымчыкка салганымда,

 Качып кетип, асманды карап калдым. 

Эртең менен тур-турлап, коюн жай деп,

Турбасыңа койчу эмес мал кеттилеп.

 Көздү ушалап турганда энекебиз.

Бүгүн сенин кезегиң барагой деп.

Көчкөндө көп кой айдадым торпок минип,

Жалаң көйнөк бешмант жок таар кийип.

Чаначтагы айрандын майын жалап,

Ичип алып магдырап тоюп чардап. 

Кээде жыргап калчу элем уузуна,

Саап алып чөбүнүн бир бурчуна. 

Батыратып жууратча ичкенимде,

Ширин-шекер, балга окшоп оозума. 

Жыргаганы курусун кара жамгыр,

Моюн ылдый шорголоп каран калгыр. 

Көтөргөнүн козу, улак таң заарынан,

Уктатпаган канганча көз кумарың. 

Томолонуп жыгылып торпок минип,

Көчүгүмө жетпеген көйнөк кийип. 

Алдырбаган аязга, күнгө күйүп,

Тайтуягым көтөрүп кечте келип.

Итти көрсөм качкамын карышкыр деп,

Тарамышың көк чунак тырышкыр деп.

Кой жедирип кокустан үйгө кайтсам,

Үйдөгүлөр куучу эле каргап-шилеп.

Тайкөл, упай, жедирмек, туруп атмай,

Күнү-түнү тыным жок үйгө жатпай.

Тулуп толгон чүкөнү мойнума асып,

Түштүк жерге сака издеп жүрдүм аттай.

Көп ойнодум аңкилдек каса коюп,

Тебетейди тештирген кайран оюн.

Уюм тууду көп ойноп, кой жедирдим,

Ылдый карап отуруп, моюн бурбай.

1910-жыл.

           Балыкчы

Бир күнү Ысык-Көлдү мен жакалап.

Атайы издеп чыктым, балык карап,

Балык үчүн чыңданып, кастар тигип,

Кармамакка жүрөктө артык талап.

Көп балык ойноп жаткан бир булуңда,

Торум бар жаңы түйгөн оң колумда.

Көзөлөп келер жолун торум жайып,

Карап туруп балыктын так жолунда.

Ошондо жайнап балык үркүп өттү,

Көптүгүнөн көл жакка түртүп өттү.

«Олжоңдон кечтим  кудай куткаргын» деп,

Кыйкырып катуу добуш чыгып кетти.

Кетем деп көлгө түшүп абдан шаштык,

Албастан жайган торду кайра бастык.

Эс алып четке барып кутулган соң,

Балыкты кемпир таштан карап калдык.

Ойногон күмүш балык шалак-шалак,

Бир түшүп, бир секирет жап-жалтырак.

Балыкты кармайын деп кайык менен,

Жүгүрдүм орус жакка мен анталап.

Бир добуш келди мага мындай деген:

«Эй жигит, алактабай сөзүмдү ук,

Кайыкты сен да үйрөн, адам болсоң,

Жеткениңче кетпейби балык сүзүп».

Аң уулап бир күн чыктык жети киши,

Кошулду олжо издеп эки киши.

Баарыбыз азык алып, сонор кууп,

Таптаган тайган, бүркүт жайы, кышы,

Бир мерген бирге чыкты мылтык алып,

Капканча кошо жүрдү жандай салып.

Тор чыбык асынганы саятчынын,

Кийизге көгүчкөнүн бөлүп алып.

Бир киши бүркүт алып келе жатат,

Көңүл шат, жансактоодон болуп капыл

Байкасам кошун тарткан колдой болуп,

Бир сайга жетип калдык апыл-тапыл.

1910-жыл.