Жаңылыктар
Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин ӨКМ билдирди.

9-апрелде 2019-жылы туулган жаш бала дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу, координациялоо иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата РМАнын башчысынын орун басары тартылган.

Андан тышкары ӨКМдин Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, ИИМден 70 кызматкер, айыл аймактан 9 адам, жергиликтүү тургундардан 130 адам, жалпы 217 адам тартылган.

Бүгүн саат 08:30га карата 24 куткаруучу, ИИМден 75 кызматкер, айыл аймактан 13 адам, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 162 адам тартылган. Көп өтпөй баланын сөөгү табылып, милицияга өткөрүлүп берилди.