Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кызматтык унааларды салтанаттуу тапшыруу аземине катышты.
Иш-чара президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Бул демилгенин алкагында министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө жаңы 77 даана “Chevrolet Tracker” үлгүсүндөгү унаасы алынып келинди.Адылбек Касымалиев президенттин жана министрлер кабинетинин атынан социалдык кызматкерлерди бул маанилүү окуя менен куттуктады.
“Социалдык кызматкерлер эң гумандуу кесиптердин биринин өкүлдөрү, социалдык прогресстин жана инклюзивдик коомду куруунун кыймылдаткыч күчү болууга, ар бир адамдын колунан келе бербейт, бирок сиздер күн сайын эрдиктерди жасап жатасыздар. Кайрымдуулук иштерине көп адамдар тартылат жана биз алардын салымын баалайбыз. Бирок, социалдык кызматкерлер муну дайыма, ашыкча пиар кылбастан, көп учурда башкалардын көйгөйлөрүн жүрөгү менен кабыл алып, иштеп жатасыздар”, - деди МинКаб Төрагасы.
Ал ошондой эле Кыргызстанда балдарды кошкондо 200 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашап жатканын, 500 миңден ашуун адам мамлекеттик жөлөк пул алып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, социалдык кызматкерлер 9 миңден ашык жалгыз жашаган улгайган жарандарды, майыптарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды коргоого алышат. Ошол эле учурда бул иштерди миңге жетпеген социалдык кызматкерлер ишке ашырып, алар аз болгонуна карабастан мамлекеттин социалдык саясатын ишке ашырууда негизги күч болууда.
"Технологиянын өнүккөнүнө, жашоо сапаттын жакшырганына карабай, эмне үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны өсүп жатканын ойлонушубуз керек. Экологиялык көйгөйлөр, кырсыктар, жана согуштук кагылышуулардын кесепеттери – мунун баары тилекке каршы, адам колу менен жаралган. Дүйнө бири-бири менен тыгыз байланышта, бул көрүнүштөрдүн терс кесепеттери, тилекке каршы, бардыгына таасирин тийгизип жатат", - деди Адылбек Касымбек.
Ал президенттин демилгеси менен пенсиялар, жөлөкпулдар жана айлык акылар кыйла жогорулап, өлкөнү жаңылоо боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын эске салды. 2024-жылы ИДПнын өсүшү 9%ды түзсө, быйылкы жылдын үч айында бул көрсөткүч 10,7%га өскөн. 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 триллион сомго жетип, өлкөнүн бюджети 700 миллиард сомго жакындады.
“Биздин мамлекетибиз социалдык, ал эми биздин саясат бардык жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылууга багытталган. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында биз адилеттүү жана камкор коомду көздөй бара жатабыз”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 100%дан ашык, ал эми социалдык стационардык мекемелердеги тамак-аштын акчалай ченемдери да 100%га жогорулатылганын билдирди.
Ошондой эле, 20 миңден ашык адам 100 миң сомдук социалдык келишимдерди бекер алышкан.
“Бүгүн мен расмий түрдө билдирем, Президент социалдык контракттын көлөмүн 150 миң сомго чейин көтөрүүнү тапшырды жана биз бул тапшырманы аткарабыз”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
"Биздин негизги милдетибиз – калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү. Бул үчүн материалдык-техникалык база ырааттуу түрдө жакшырып, иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Президент ошондой эле социалдык кызматкерлердин санын 550 бирдикке көбөйткөн Жарлыкка кол койду. Бул мамлекеттик саясаттын социалдык багытын дагы бир жолу далилдеп турат", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ал белгилегендей, жаңы унаалар өлкөнүн бардык аймактарына жөнөтүлөт.
“Албетте, биз азырынча бардык кызматкерлерди транспорт менен камсыздай албайбыз, бирок бул ишти улантуу зарылдыгын түшүнөбүз, бул унаалар артыкчылык эмес, биринчи кезекте жоопкерчилик экенин унутпашыбыз керек. Техникалык жактан жабдуу сиздердин ишиңиздердин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу үчүн стимул болуп кызмат кыла тургандыгына ишенем. Тапшырылган унаалардын жалпы баасы 141,8 млн сомду түзөт”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Иш-чаранын соңунда МинКаб Төрагасы жаңы унаалардын колдонулушун көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгилеп, ар бир унаага милдеттүү түрдө GPS-трекерлерди орнотууну тапшырды, өзгөчө мамлекеттик мүлккө аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.