Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Бишкектеги “Технопарк” IT-хабынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер, борбор калаа тургундары!
Урматтуу ишкерлер, IT-компаниялардын өкүлдөрү жана бүгүнкү иш-чаранын ардактуу меймандары!
Бүгүн биз жөн гана жакшынакай бир имаратты же жаңы кеңселер борборун эмес, келечектүү жаңы технологиялар мейкиндигин ачып жатабыз. Тагыраак айтканда, өлкөбүздүн өркүндөп-өсүүсүнө өбөлгө боло турган “Технопарк” IT-хабынын тушоосун кесип, байсалдуу сапар тилөө үчүн чогулуп олтурабыз.
Эң алды бүгүнкү жакшы саамалык менен баарыңыздарды куттуктаймын. Заманбап IT-хаб баарыбызга ак жолтой болсун!
Баарыңыздар жакшы билесиздер, өз мезгилинде бул жерде республика экономикасына чоң салым кошкон фабрика иштеп турган эле. Арадан жылдар өтүп, доор алмашып мына минтип бүгүнкү күндө заман талабына ылайык, демилгелүү, иштин көзүн тапкан, алдыга кадам жасай билген ишкерлердин жөндөмдүүлүгү жана мамлекеттин колдоосу менен бул жай жаңы багытка кадам таштады.
Мындай саамалык – Кыргызстан кадимки көнүмүш ресурстарын акыл-эс менен туура багытка пайдалануу аркылуу өнүгүү борборлоруна айландыра ала тургандыгынын айдан ачык мисалы.
Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам өзгөрүүнүн үстүндө.
Өлкөлөрдүн өнүгүшү бир эле жаратылыш ресурстарына көз каранды болбой калды. Мурда кен байлыктарга бай, же болбосо деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңири өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү үстөмдүк кылар эле. Азыркы тапта булар негизги фактор эмес.
Себеби биз санарип доор учурунда жашап жатабыз. Башкача айтканда, билим жана технологияны ар кандай жаратылыш ресурсу менен атаандаша ала турган ресурс катары колдонуу жөндөмдүүлүгү алдыңкы планга чыкты.
Биз дал ушул өңүткө артыкчылык берип келебиз! Жаңы технологияларды колдонуу жана анын негизинде күчтүү экономиканы түзүү аркылуу өнүккөн мамлекеттер менен теңтайлашууга болот. Буга дүйнөдө бир топ мисалдар бар. Мурда деңиз, же кен байлык өнүккөн өлкөлөр үчүн өнүгүүгө жол ачса, азыр IT- технологиялары өнүгүүнүн даңгыр жолуна айланды.
Өлкөбүздө дүйнө агымы менен бир агууга, жаңычылдыктардан артта калбоого ар тараптан тынбай аракеттер көрүлүп келүүдө. Мамлекет жаңыча көз караштагы демилгелерди колдоп келатканы да маалым.
Биз жеке ишкерлердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалайбыз. Мындай демилгелер мамлекет менен бизнестин ортосундагы жетишилген өнөктөштүктүн айкын мисалы болуп саналат.
Мындан ары да республика боюнча дал ушундай борборлордун ачылышына шарт түзөбүз.
Эсиңиздерде болсо керек, мындан эки жыл мурда “Кирешелерди легалдаштыруу мыйзамын” кабыл алып бергенбиз.
Мына ошонун натыйжасы менен биздин Өмүрбек Токтогулович сыяктуу көптөгөн бай бизнесмендерибиз капиталдарын легалдаштырып келишип, чет өлкөгө эмес, өзүбүзгө ушундай хабтарды, завод - фабрикаларды жана башка курулуштарды кура башташты.
Буга чейин ушундай эле мыйзам бир эмес эки жолу кабыл алынган экен, бирок чийки болуп, ал мыйзам иштебей келген.
Биз бизнес чөйрөсүндө жүргөн жарандарыбыздын катышуусу менен мыйзамды дыкат иштеп чыгып кабыл алып бердик.
Мына үзүрүн сиздер - жалпы эл жана мамлекет көрүп жатабыз.
Өмүрбек Токтогулович эле эмес, аттарын атабай эле коеюн бай жарандарыбыз кирешелерин легалдаштырып келишип, жеке инвестицияларын өлкөбүздүн курулуп жаткан масштабдуу ири курулуштарына, беш жылдыздуу отел курууга салып жатышат.
Мындай иштердин башталышына өлкөбүздө уюшкан кылмыштуу топтордун жок болушу түрткү болду десек болот.
Биз мамлекет тараптан бардык ишкерлерди мындан ары дагы колдоого алабыз, жардам беребиз. Ошондуктан, мындан ары капиталыңыздарды өз өлкөбүзгө жумшаңыздар.
Салыктарды өз мамлекетибизге төлөңүздөр. Мамлекет колдоп, кубаттап кана турабыз.
Мен “Технопарк” IT-хабы – дымактуу идеялар жерде калбай, келечектүү долбоорлорго айланып, ишке аша турган реалдуу ойлорду колдоого ала турган аянтча болуп калат” деп ишенем.
Бүгүнкү ачылып жаткан хабда жаңы жумуш орундары түзүлгөндөн сырткары, инновациялык чечимдер жаралып, глобалдык рынокторго эшиктер ачылаарына, жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралаарына үмүтүм зор.
Биз бул сыяктуу иш-аракеттерди колдоп-коштоо менен, колдо бар мүмкүнчүлүктөрүбүздү заман чакырыктарына ылайыкташтырып трансформациялоону, өнүгүүнүнүн кийинки баскычтарына ыкчам өтүүнү өздөштүрүп, өркүндөтүшүбүз зарыл.
Ошондуктан, IT-коомчулугунан чыккан ар бир демилгени колдойм. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өткөн жылы “Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” мыйзамга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилип, парктын резиденттери үчүн салык режими мөөнөтсүз болуп өзгөрдү.
Муну менен жогорку технологиялар парктарынын өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан IT-компаниялар үчүн жагымдуулугу артат.
Дегиле стратегиялык милдеттер коюлган Санарип өнүктүрүү министрлигине болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүлүүдө. Мунун баары IT-технологиясы биздин экономикалык өсүштүн негизи болуп калаарына мамлекеттин ишеними жана ар тараптан колдоосу деп эсептейм.
Урматтуу ишкерлер, хабдын резиденттери!
Биз сиздердин ар бириңиздерден жаңы продукцияларды, жаңы стартаптарды эле эмес, же сиздердин компаниялардын өнүгүшүн эле эмес, Кыргызстандын бүтүндөй экосистемасын өнүктүрүүгө салым кошоруңуздарды күтөбүз.
Албетте сиздердин ийгилигиңиздер — бул жалпы өлкөнүн ийгилиги! Сиздердин жетишкендигиңиздер мамлекеттин келечеги болгон жаштар үчүн мыкты үлгү, айрыкча, IT тармагында алгачкы кадамдарын жасап жаткандарга дем болуп бермекчи.
Мындан улам, мен сиздерди бул имараттын жөн эле бир ижарачылары болбостон, Кыргызстандын жаңы технологиялык реалдуулугунун жигердүү жаратуучулары болууга чакырам.
Ошондо гана Кыргызстан дүйнөлүк IT майданында күчтүү оюнчу болууга жөндөмдүү деген ишеним пайда болот.
Бул хаб эл аралык өнөктөштүккө жана эң негизгиси жарандар үчүн социалдык мааниге ээ болгон демилгелер жаралуучу ийгиликтүү жайга айлансын.
Ар бириңиздерге чыгармачыл шык-дем, жаратман идеяларды каалайм.
Болгон күч-кубатыңыздардын, акыл эмгегиңиздердин сүйүктүү Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө жумашалышын тилейм.
“Технопарк” IT-хабынын баса турган жолу байсалдуу болсун!”.