Жаңылыктар
Баатырлар баяны: Дүйшөнкул Шопоковдун эрдиги
Улуу Женишке 80 жыл
Баатырлар баяны: Дүйшөнкул Шопоковдун эрдиги

Кан кечкен Улуу Ата Мекендик согуштун  жениш менен аяктаганына быйыл 80 жыл толду. Советтер Союзунун Баатыры наамын алган биринчи кыргыз баатыры Дүйшөнкүл Шопоков эле.

Ал 1915-жылы 19-майда Чүй өрөөнүндөгү Шалта айлында туулган. Баатыр бала кезинен эмгекчил, боорукер, адамдарга кайрымдуу бала болуп өскөн.

Эс тартып калганда согушка чейин колхоздо тракторчу болуп иштеген. 1939-жылы КПСтин мүчөсү болгон. 1941-жылы кызыл армиянын катарына чакырылган. Ошол эле жылы 16-ноябрда  танкист-истребителдер менен душмандын мизин кайтарып, фашистердин 18 танкасын жок кылышкан.

Эр Панфиловчулардын 4-ротасынын 2-батальондун 1075-аткычтар полкунун  316-дивизиясынын чебер аткычы эле.

Майданга аттанаарда коштошуп жатып айткан сөзүн жубайы Керимбүбү мындайча эскерет: «Керимбүбү, сен бул жакта мыктылап иште, биздин ордубузду жоктотпогула. А мен согушта душман менен тайманбай салгылашам. Жеңмейин келбейм» деген. Дүйшөнкул сөзүнө бекем турду. Душман аны жеңе алган жок.

Жубайы Керимбүбү Шопокова да мыкты эмгектенип, кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм алып, Социалисттик Эмгектин Баатыры болду.

28 баатыр Панфиловчулардын катарындагы Дүйшөнкул Шопоков дагы тайманбай эрдик көрсөтүп, 26 жашында баатырларча курман болгон.

Көрсөткөн каармандыгы, эрдиги үчүн Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-жылы 21-июлда Советтер Союзунун Баатыры, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалына  татыктуу болгон.

Кыргыз элинин даңктуу уулу Дүйшөнкул Шопоковдун ысымы өзү иштеген колхоз, Фрунзе шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине, мектептер жана бир шаарга ыйгарылган. Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Шалта айылында мемориалдык музейи ачылып, Фрунзе шаарында «Жаш гвардия» проспектисиндеги Баатырлардын аллеясында бюсту орнотулган. Дүйшөнкул Шопоковдун баскан жолу, кылган эмгеги кийинки муундарга бүтпөс баян,  көөнөргүс сабак, улуу тарых экени талашсыз. 9-май Улуу жеңиштин 80 жылдыгы бул анык баатырлардын  ата журтту кас душмандан калкалап калган, канын-жанын биздин жаркын күнүбүз үчүн арнаган тарыхый күн.