8-апрелде саат 22:00 чамасында белгисиз адамдар туристтик поезддин вагондорунун терезелерине таш ыргытып, талкалашкан. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы билдирет.
Маалыматка караганда, окуя Кант – Аламүдүн темир жол тилкесинде болгон. Поезд Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан чыгып, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген туристтерди ташып бара жаткан.
Мындай көрүнүштөр жүргүнчүлөргө олуттуу ыңгайсыздык жаратат жана алардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат. Өзгөчө, мындай жагымсыз кыймыл-аракеттер чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугуна шек келтирип, Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы темир жол боюндагы калктуу конуштардын жашоочуларын жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга чакырат. Темир жол кыймылынын коопсуздугуна шек келтирген же жүргүнчүлөр менен темир жол кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан ар кандай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде караларын эскертебиз.
Азыркы учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.