Жаңылыктар
612 кыргызстандык үйлүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
612 кыргызстандык үйлүү болду

Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлердин ачкычтары ээлерине тапшырылып, 612 адам үйлүү болушту.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев катышты.

Аталган ипотекалык объект Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектиси, 102/1 дарегинде жайгашкан. Комплексте бир бөлмөлүү - 216, эки бөлмөлүү- 216, үч бөлмөлүү -180 батир камтылган.

Батирлер бардык коммуналдык кызматтар менен камсыздалган жана жылытуу жана электр энергия системасы бар. Ал эми газ, суу жана канализация борбордук тармактарга туташтырылган.