Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү тоо кыркасына панорамалык эс алуу жайы курулат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы Нурлан Кайыпов билдирди.
Анын айтымында, панораманын долбоору толук даярдалып бүткөн. Аталган эс алуучу жай “Сүрөт булак” аймагындагы тоо кыркасына салынат.
Долбоордун жалпы наркы 20 миллион сом деп бааланып, демөөрчүлөрдүн эсебинен куруу каралууда. Ал эми панорамага чыга турган тепкичтерин куруу иштери Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо пландалууда.
15-апрелде Ага Хан өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрү менен боло турган отурумда долбоор тааныштырылат.
Панорамалык кароо – бул жөн гана эс алуучу жай эмес, бул шаарыбыздын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен маанилүү коомдук мейкиндик. Мындай долбоорлор Нарындын инфраструктурасын жакшыртып, шаар көркүнө көрк кошуп, туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Долбоордо ыңгайлуу отуруучу жайлар, заманбап жарыктандыруу, коопсуз тепкичтер жана Нарындын кооз жаратылышын бийиктен көрүүгө мүмкүнчүлүк берген көрүү аянты сыяктуу бардык шарттар каралган.