Жаңылыктар
Мугалимдердин отчёт иштери кыскартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдердин отчёт иштери кыскартылат

Билим берүү жана илим министрлиги Министрлер Кабинети жүргүзүп жаткан бюрократиядан арылуу саясатынын алкагында мугалимдерден талап кылынган отчетторду кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча системдүү ишке киришти.

Ушул тапта мугалимдер үзгүлтүксүз тапшырууга милдеттүү болгон бардык түрдөгү отчеттор кылдат анализден өткөрүлүүдө. Бул максатта атайын жумуш тобу түзүлүп, анын курамына жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү — мектеп директорлору жана орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүү тармагындагы эксперттер жана министрликтин кызматкерлери кирди.

Жумуш тобунун максаты — ар кандай мамлекеттик органдар республикалык, облустук жана райондук деңгээлде кайсы багыттар боюнча кандай отчетторду талап кыларын аныктоо жана министрликтин отчеттук маалыматтарга болгон ички муктаждыгын изилдөө. Бул кайталанган жана натыйжасыз документацияны жоюуга багытталган.

2022-жылы министрлик Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен бир катар отчеттук формаларды жоюу демилгесин көтөргөн. Жаңы демилге бул процессти улантууга багытталып, санариптештирүү жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча жалпы саясат менен шайкеш келет.

Учурда иштер төмөнкү багыттар боюнча жүрүп жатат:

  • “Э-Күндөлүк” платформасы аркылуу бардык отчетторду электрондук форматка өткөрүү;
  • Мектептердин күнүмдүк ишмердүүлүгүндө чогултулган маалыматтардын негизинде отчетторду автоматтык түрдө түзүү;
  • Маалыматтар санариптик системада бар болсо, таблицаларды жана формаларды кол менен толтурууну жоюу;
  • Башка мамлекеттик органдар үчүн зарыл болгон маалыматтарга жеткиликтүүлүктү онлайн режимде камсыз кылуу.

“Э-Күндөлүк” электрондук күндөлүгүн ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн мугалимдер бааларды жана эскертүүлөрдү өз убагында электрондук журналга киргизип турушу зарыл, ал эми мектеп жетекчилери инфраструктура жана башка параметрлер боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңылап туруусу керек. Бул системага мугалимдерге кошумча жүк жүктөбөстөн отчетторду автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул иш-чаралар билим берүү жана илим министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева тарабынан координацияланууда. Ушул тапта жумуш тобуна аймактык түзүмдөр жана билим берүү уюмдары менен активдүү иш алып барган жети адис кирет.

Аталган чаралар мугалимдердин административдик жүгүн бир топ жеңилдетип, билим берүү системасындагы документ жүгүртүүнүн натыйжалуулугун арттырат.