Жаңылыктар
Ташиев: Бакиев өлкөгө келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат
Кыргызстан жаңылыктары
Ташиев: Бакиев өлкөгө келе турган болсо, чек арадан өтөрү менен камалат

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Конституциялык соттун Курманбек Бакиев тууралуу чыгарган чечими боюнча комментарий берди.

"Урматтуу Эл-Журт! 

Кечээ Конституциялык соттун К.Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок. 

Конституциялык сот көз карандысыз. 

К. Бакиев боюнча Жогорку Соттун өкүмү күчүндө турат. 

Ошондуктан эгер К. Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен камалат",- деп билдирди ал.