Жаңылыктар
Эбегейсиз көрсөткүч. Салык кызматы 6 айда 63 млрд 852 млн сомдон ашык салык чогултту
Кыргызстан жаңылыктары
Эбегейсиз көрсөткүч. Салык кызматы 6 айда 63 млрд 852 млн сомдон ашык салык чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-март айларында 63 млрд 852,2 млн сом салык чогултту. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.

Анын айтымында, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 15,8 млрд сомго көп, план 4 млрд 388,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

“Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо дагы Салык кызматына жүктөлгөн. 3 айдын жыйынтыгы менен 19 млрд 114 млн сомдон ашык чогултулуп, план 1 млрд 14 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыркы жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 1,5 млрд сомду түздү. Чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 2025-жылдын I кварталында 82 млрд 966,7 млн сомго жетти. Бул эбегейсиз чоң көрсөткүч”, - деди Мирлан Рахманов.