Жаңылыктар
Салык кызматы: “Дордой” базарында ачык-айкындык камсыздалган пилоттук система иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы: “Дордой” базарында ачык-айкындык камсыздалган пилоттук система иштөөдө

“Дордой” базарында бардыгы ачык-айкын жана коомчулукка жеткиликтүү пилоттук режим ишке кирди. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.

Анын айтымында, эми “Дордой” базарында салыкты администрация чогултат.

“Өкмөт башчынын тапшырмасы менен “Дордой” базарында салык чогултуу базардын администрациясына өткөрүлүп берилди. Алар ай сайын ижарасы менен бирге салыгын да чогултат. Администрация ал жерде кайсы өтмөтө соода жакшы экенин бизге караганда жакшы билет. Биз салыктын түшүү механизмин, ар бир контейнердин санын компьютерден көрүп турабыз. Мурун бир контейнер болсо, экөө деп жазып коюшчу эле. Азыр компьютерден ар бир контейнер көрүнүп турат. Эгер салык төлөнбөсө кызыл, төлөнсө жашыл болуп күйүп калат. Бир тарабы кызарып кетсе, биз администрацияга чалып айтабыз. Мындай механизмдерди киргизүү менен биз көмүскө экономикабызды кыйла алдыга жылдырабыз”, - деди салык салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов.