Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Ак-Тайлак айылында бүгүн сел жүргөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда,14-апрель күнү Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында болжол менен саат 15:30 чамасында жаап өткөн мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел түшүп, 1 турак үйдүн короосун суул каптап, айылдын тургуну Дурус Маматовго таандык ВАЗ-2107 автоунаасын сел агызып, унаа көпүрөнүн жогору тарабына токтоп калган.
Аталган аймакка райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу кызматы тартылып, тактоо жумуштары жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.